Menu

Малабаев кирешеси жок, катуу кыйналып жатыптыр

Бөлүшүү:

Мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев “Манас” аэропортунун жетекчилик кызматы сунушталбаганын “Азаттыкка” айтып берди. Ал өз сөзүндө: “ Мага азырынча андай сунуш түшкөн жок. Бирок сунуш болсо иштеп бермекмин. Эки жылдан бери үйдө жумушсуз отурам, киреше жок. Бала-бакыраны багыш керек дегендей” – деп агынан жарылыптыр. Өзү айткандай ал, эң “майлуу” делген “Кыргыз темир жолу” ишканасын эки ирет жетектеди. Ал 1997-жылдан тарта бул ишканада жооптуу кызматтарда иштеди. 2010-2015-жылы генералдык директору болду. Андан кийин 2 жылга жакын Транспорт министри болду. Анан ушундай адамды “кирешеси жок”, кыйналып жатат деп айтууга болобу? Элге кедей болуп көрүнүүнүн дагы чеги болоор. Миллиондогон эл, өмүр бою чиновник болбой эле арзыбаган айлык менен эч кимге догурунбай эле, үй-бүлөсүн, бала-чакасын багып жатышпайбы. Алкымы чоңдор, мына ошолордон сабак алсачы…

Булак: Багыт.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: