Кыргызстандын казынасы өткөн бир жылда коррупциялык багыттагы кылмыштардын айынан бир жарым миллиард сомго чукул зыян тарткан. Бул жарыяланып ачыкка чыкканы гана Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчи орун басары Тилек Чокморов 210 иштин 72си кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, он төртү опузалап акча талап кылуу жана калганы бажы менен салык төлөмдөрүн жашырууга байланыштуу экенин билдирди.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ