Menu

Тажик чебери өз коллекциясын Бухарада көрсөтөт

Бөлүшүү:

Тажикстандык модельер Хуршед Сатторовlун улуттук кийимдер коллекциясы байкыркы Бухарада өтө турган “Жибек жана татымалдар” фестивалынын алкагында көрсөтүлөт.

Фестивалдын негизги бөлүгү белгилүү Лаби-хавз архитектуралык комплексинде башталат. 25-27-майда өтө турган жарманкеде Өзбекстандын бардык аймактарынын, Борбор Азия өлкөлөрү, Кытай, Индия жана Ирандын элдик чеберлеринин колго жасалган буюмдары коюлат.

Хуршед Сатторов жаңы коллекцияны көрсөтүү үчүн 15 модель тартыларын билдирди. Алардын арасына саймалуу жана памир оймолору түшүрүлгөн көйнөктөр бар.

“Мындай көйнөктөр аймактагы бир дагы өлкөдө, анын ичинде Өзбекстанда да жок. Алар ачык түстө жана көптөгөн кооз оймолору бар. Айтсак, кызыл кездемедеги чаканда жети гүлдүн саймасы түшүрүлгөн”, дейт тажик кутюрьеси.  Уюштуруучулар билдиргендей, “Жибек жана татымалдар” фестивалынын программасында ыр-күүлөр, улуттук оюндар, мастер-класстар жана жаш дизайнерлердин мода көргөзмөсү болот, келгендер өзбек палосунан даам татышат. Фестиваль 17-жолу өтүүдө.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: