«Ата Мекен» партиясынын жетекчиси баш болгон бир нече өкүлдөрү соттолуп, айрымдары качып кеткенин билебиз. Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн экөөсүнө сот өкүмү чыгып, фракция лидери Шыкмаматов жакында мандатынан айрылганы турат. Учурда лидерлик кимге өтөт деген маселе бүйүр кызытууда. Маселен, К.Иманалиев «Эркин-Тоонун» эсебин таап, куйругуна калбыр байлаган. С.Нышановдун БНК боюнча «былыгы» бар. Ушундай учурдан пайдаланып, карт бөрү И.Гаипкулов партияны чүлүктөп алабы деген коркунуч каптады. Баса, «атамекенчилер» тизме боюнча бул кишини келтирбегенге катуу аракеттенип, бирок, баш тартпай көгөрүп туруп алганына байланыштуу кол куушуруп отуруп беришкен. Эми устаты маркум М.Садыркуловдун ыкмасы менен «түлкү саясатын» жүргүзүп бош калган «короону» ээлейм деп көзүн кызартып туру. Кыргыздар эзелтен: «жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат» деген сөздү бекер айткан эмес экен да!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ