Эки жума мурун Өкмөт жетекчиси Сапар Исаков Москвадагы өлкөнүн кадырын түшүргөн иште үстөлүн муштап, Экономика министри Артём Новиковго, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго «жумшак», ал эми экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге «катуу» сөгүш жарыяланды. Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Санжар Үмөталиевди кызматтан кетирди. Булар, “Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун даярдаган маалда тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткара алган эмес. Ачык айтканда, эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброюн төгүп, шерменде кылышкан. Бирок, Сапар Исаков майдасын гана жазалап, кылгылыкты кылган чоңдоруна сөгүш берди. Эгер мыйзамдуулуктун принцибин карманса, министр менен төрагаларды ишинен айдап, катардагы кызматкерлерге сөгүш берсе адилеттүүлүк болмок. «Айран ичкендер кутулуп, табак жалаган тутулган» – заман ушул турбайбы!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ