Menu

Москвада “мыйзамдагы ууру” Батукаев менен Надир Салифов таасир талашууда

Бөлүшүү:

Жаңы жылдын алдында Москва шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери Надир салифов каймана аты «Гули» менен Азиз Батукаевдин ортосундагы чырды токтотуп калды. «Гули» өзүнүн киреше булагынын кызыкчылыгын коргоо үчүн куралдуу адамдарын даярдаганы, андан кийин чечендер тар чөйрөдө жолугушууну сунуштаганы айтылууда.

Декабрдын ортосунда базарлар «Гулите» тиешелүү экенин эске албай, Азиздин атынан барган белгисиз че­чендер кирешени бурууга аракет кылышкан. Чечендердин түшүндүрмө берүүсүн күтпөгөн «Гули» өзү байланышка чыккан. Бирок алардын пикири дароо келишкен эмес.

Азиз, «обүектилер» андан алына турганын жооп кылган. Азизге жооп узаткан «Гули» бул ага фоталдуу экенине айткан. Акыр аягы ок атышууга барып, эки тарап кагылышкан.

«Дед Хасан» өлтүрүлгөндөн кийин Чечняда Азиздин талапкерлиги «Мыйзамдагы №1 ууру» катары каралганы айтылууда.

Кандай болбосун Азиз Ба­тукаев «Гулиге» каршы чакырык таштаган азербайжандык эмес биринчи «мыйзамдагы ууру» катары тарыхта калмай болду», – деп орус басылмалары жазып чыгышты. «Гули» менен тирешүүсүнөн кийин Батукаевдин авторитети мурдагыдан да жогорулап кеткендиги айтылууда.

«Мыйзамдагы ууру» – деп таанылган Азиз Батукаевге карата 2006-жылдын 3-автустунда Аламүдүн райондук сотунун чечими менен 16 жыл 8 айга күчөтүлгөн режимде эркиндигинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыгарылган. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо), 242-берене (ок атуучу куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо) жана 233-берене (массалык башаламандык) менен күнөөлүү – деп табылган.

Жалпысынан А.Батукаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 14-берене менен айыпталган эле. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев, Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын башчысы Икматуллы Полотов жана Молдовановка айылындагы түзөтүү абагында 2005-жылдын октябрь айында чыккан жаңжал учурунда парламенттин 2 кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштер бар.

Сот отурумунда ал 294-берене (мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу), 345-берене (жазаларды аткаруу системасындагы мекемелердин ишине тоскоолдук кылуу), 340-берене (укук коргоо органындагы кызматкердин өмүрүнө кол салуу) жана башка айыптар боюнча акталган.

А.Батукаев 2013-жылдын 9-апрелинде ден соолугуна байланыштуу делип абактан чыгарылган. Андан коп узабай өлкөнүн аймагынан чыгып кеткени маалымдалган. Аны абактан чыгарууга эмне себеп болгону азыркыга чейин сыр бойдон калып келет. Ал эми коомчулук Батукаевди кыргыз бийлиги атайылап чыгарган дешет.

Ошентип, учурда Орусияда кылмыш дүйнөсүндө таасир талашуу күч алууда. Мунун кесепети биздин өлкөдөгү кылмыш чөйрөсүнө да тийиши мүмкүн.

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: