Menu

Улуттук китепканада Манас туралуу китептердин бет ачары болот

Бөлүшүү:

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Манас” эпосу жана манасчылар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Манас” эпосунун тезистик кара сөз түрүндөгү китебинин бет ачары өткөрүлөт. Бул туралуу мекеменин басма сөз кзматы маалымдады.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Саякбай манасчы” эл аралык фонду.

“Манас” эпосу – кыргыз элинин кылымдар бою сактап келген улуу мурасы.

Көргөзмө негизги үч бөлүктөн турат:

  1. “Манас” эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу”.

Көргөзмөнүн башталышына “Манас” сериялары алдында  1940-1945-жылдары басмадан чыккан эпостун ар кандай эпизоддорун чагылдырган кичине форматтагы китептер, академик  Б. М. Юнусалиевдин редакциясында жарык көргөн “Манас, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги коюлган. Алп манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантындагы  бир нече томдон турган ар кайсы жылдардагы басылыштары көрүнүктүү орунду ээледи. Кытайлык манасчы Жүсүп Мамайдын  Манас баатырдын сегиз муунуна чейинки айтымынын араб арибиндеги жана кыргыз алфавитиндеги басылышы да толугу менен коюлду.

Көргөзмөдөн эпостун кара сөз менен жазылышынын автордук китептерин да көрүүгө болот. Ошондой эле түрдүү тилдерге – орус, түрк, якут ж. б. которулуп жарык көргөн китептер да орун алды.

Эпосту илимий изилдөө боюнча китептердин чоң тобу көргөзмөнүн орчундуу бөлүгүн  ээледи.

  1. “Манас” эпосу жана манасчылар” бөлүгүнө эпосту калктын калың катмарына жеткирүүчү кыргыз элинин руханий инсандары – манасчылар  жөнүндөгү илимий изилдөөчүлөрдүн монографияларынан тартып мезгилдүү басмалардын бетине жарыяланган макалаларга чейин коюлду.

3.”Саякбай манасчы” эл аралык фонду Кыргызстандын мекенчил жана патриот жарандары тарабынан 2014-жылы негизделип, КР Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Ошондон бери фонд республикалык, эл аралык маанидеги бир катар иш-аракеттерди аткарып келе жатышат: манасчылардын юбилейлерине  арналган бир топ китептерди, илимий макалалардын жыйнагын басмадан чыгарды, “Сагымбай”, “Саякбай” энциклопедияларынын жарык көрүшүнө колдоо көрсөтүштү, эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрдү, “Саякбай – ХХ кылымдын Гомери” аттуу көркөм кинотасмасын тартып көрүүчүлөргө тартуулады,  ж. б. алгылыктуу иштерди аткарып келе жатышат.

Бет ачары өткөрүлүүчү  тезистик формадагы “Манас” эпосунда сюжеттик композициясы сакталып, кичине балдардан тартып чоңдорго чейин арналып даярдалган.

Көргөзмөгө КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият , илим, билим берүү кызматкерлери, манасчылар, студенттер, окуучулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.

Иш чара 2018-жылдын 23-январында саат 11.00дө өтөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: