Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 22-25-январда Давос шаарында (Швейцария) өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ишине катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.
Өкмөт башчынын экономикалык форумга катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү, анын ичинде ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укутуу Элчиси Данияр Мукашев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчилери Талант Султанов жана Гүлнура Торалиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана «Кыргызтелеком» ААК Директорлор кеңешинин төрагасы Азиз Солтобаевдер бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ