Итке калпак кийгизип бүтүп, эми туубуз жерге төшөлдү
“Өзүн сыйлабаган өңгөнү сүйүп жарытпайт” болуп, жакында итке калпак кийгизип, бир чуу болду элек. Эми таштанды чогултуу үчүн жерге төшөлгөн туубуздун сүрөтү жарыяланды. “Сулайман-Тоо” музей-комплексинин мурунку кызматкери Аширали Маразыков «музейдин жертөлөсүн оңдоо учурунда туу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү» деп бир нече сүрөттү интернетке илди. Ал Кыргызстандын башкы символдорунун бири тепселиши үчүн “Сулайман-Тоо” архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиевди айыптады. Мындан тышкары, ал ушундай иш мыйзамга каршы келерин айтып, музей жетекчилигин жазага тартууну талап кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ