Тажикстан Салык комитети 100дөн ашуун ырчы, музыкант жана бийчини салык төлөбөй жатат деп айыптоодо. Мекеме тараткан маалыматка караганда, эстрада жылдыздары патентсиз тойлордо ырдап, жеке концерттерин беришүүдө.
Салык комитетинен билдиришкендей, былтыр көптөгөн ырчылар, музыканттар жана бийчилер патент алып иштешкен.
Тажикстандын Салык кодексине ылайык, 2013-жылдан бери шоу-бизнес өкүлдөрү мамлекет бюджетине ай сайын 540 сомони (60 доллардан ашык) төлөшү керек. Буга чейин артистердин кирешелерине жараша салык салынчу. Бирок алардын айрымдары тапкан кирешелерин жашырып койгондуктан, патент киргизилген. Учурда артисттер салык төлөөдө эки системанын бирин тандап алышса болот: патенттин негизинде ай сайын 540 сомони төлөө же жеке ишкерлик күбөлүгү боюнча айлык кирешелеринин 4% которуу.
Салык комитетинин “кара тизмесине” 102 артист киргизилген. Алардын ичинде эстрада жылдыздары Шабнами Сурайё, Садриддин Наджиддин, Мехрнигори Рустам, Суруш Холов, Пенджи Анаев, Сафаргул Юсуфова, Сарвиноз Юсуфи, Фахриддини Малик бар.
Салык комитетинин маалыматы боюнча 2018-жылдын 1-январына карата салык органдарына 1512 ырчы-чоорчу катталган. Бир жыл мурун алардын саны 2240 болгон.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ