Menu

КМУУ “атканага” айландыбы?

Бөлүшүү:

Бир кезде Кыргызстандагы билим берүүнүн флагманы аталган Ж.Баласагын атындагы KМУУнун деңгээли түшүп кеткендигин жыл сайын жайында абитуриенттер аз тапшырып калгандыгынан эле билсек болот. Андыктан мурдагыдай бир орунга 5-6 абитуриент орун талашкан конкурсту мындай кой, айрым факультеттердин планы да толбой калууда. Көрсө, жердешчилик менен трайбализм күч алып, Ак үй тарабынан ректору дайындалган бул окуу жайда бир эле окуу процесси мектеп деңгээлинен да төмөн түшүп кетпестен, материалдык, техникалык базасы да ойдогудай эмес экен. Бул тууралуу КМУнун журналистика факультетинин студентгери ректордун атына кайрылуу жолдошту. Алар өздөрү окуп жаткан университеттин 8-окуу имаратында билим алууга мүмкүн эмес экенин белгилеп, эскилиги жеткен имарат оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдиришкен. Кайрылуу ээлери ошондой эле журналистика факультетинде окуу акы төлөө негизинде жүргүзүлөөрүн белгилешип, төлөнгөн акчалардын эсебинен ректорат студенттерге окуу үчүн «жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүү» экенин эскертишкен. Биз билгенден ар бир студент жылына 30 миң сом контракт төлөйт. Беш миңге жакын студент окугандыгын эске алсак, миллиондогон сомдор кайда жумшалууда? Мурда окутуучу, профессорлор эки жаат болуп чабышып келишсе, эми студенттер нааразычылык акциясын уюштуруп жаткандыгы биротоло атканага айланып, “банкрот” болуп калгандыгынын далили эмеспи?

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: