Menu

Фотобаян – Премьер-министр Сапар Исаков дүйнөлүк алдыңкы юридикалык компаниялардын бири «Baker McKenzie» жетекчилиги менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында дүйнөлүк алдыңкы юридикалык компаниялардын бири «Baker McKenzie» төрагасы Пол Роулинсон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын кызыкчылык туудурган маселелери боюнча кызматташтыктын келечек багыттары талкууланды.

Өкмөт башчы белгилгендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономиканын ар кыл тармактарын жана мамлекеттик башкаруу тутумун кеңири масштабда реформалоо, анын катарында атамекендик мыйзамдарды өркүндөтүү жаатында активдүү иштер башталды
Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө инвестициялоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды караган тийиштүү ченемдик-укуктук база түзүлгөн.
Сапар Исаков Өкмөт тараптан аталган багытта активдүү иш улантылаарын баса белгиледи.

Өз кезегинде Пол Роулинсон «Baker McKenzie» компаниялары кыргыз тарапка өлкөдөгү реформаларды жүргүзүүдө тийиштүү юридикалык жана консультациялык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын экономикасына инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу максатында кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин ишин активдештирүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: