Элет жергесинде эле эмес, шаарларда да таза суу көйгөйү бар. Башкасын албаганда да, ордо калаанын автоунаа жуучу жайларында унааларды таза суу менен жуугандан кийин агызып салышат. Ал эми чет өлкөлөрдө сууну тазалоо аркылуу 3-4 жолу кайталап пайдалануу тажрыйбасы бар. Иликтеп көрүп, аны бизде да пайдалануу жолун караштыруу зарыл. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеште калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.
«Андан тышкары, таза суу менен огород да сугарылат. Дегеле, бизде таза суу коромжуга көп учурайт. Анын кору чексиз эмес да. Өкмөт менен мамлекеттик органдар мэрия менен бирге рейддерди өткөрүп, сууну коромжуга учураткандарга карата айып салып, суу чыпкалоо жабдууларын орнотууну талап кылышы керек. Ансыз бул көйгөйдү чече албайбыз.
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев бул багытта чаралар көрүлө баштаганын, суу пайдалануу тартибин бузган бир катар авто жуучу жайларга эскертүү берилгенин, айрымдары жабылып, айыптар салынганын билдирди. Ал бул көйгөйдү дагы бир жолу өзүнчө карап, аны чечүү жаатында иштиктүү чараларды көрүүгө убуда берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ