Menu

Фото – Премьер- министр Сапар Исаков Давостогу «Өсүү жана өнүгүү» сессиясында сөз сүйлөдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында «Өсүү жана өнүгүү» сессиясында сөз сүйлөдү.

Сессиянын ишине: АКШнын соода министри Уилбур Росс, Колумбиянын финансы жана мамлекеттик насыялар министри Маурисио Карденас, Эл аралык финансылык корпорациянын башкы операциялык директору Стефани фон Фридебург Вашингтон, Индиянын темир жол министри Пиюш Гойал, Мексиканын экономика министри Ильдефонсо Вильяреал, Дүйнөлүк банктын президенти Джим Йонг Ким, Түштүк Африканын экономика жана өнүктүрүү министри Эбрахим Патель, Япониянын экономика, соода жана өнөр-жай министри Хиросигэ Сэко, Перунун Премьер-министри Мерседес Араос, Huawei төрагасынын орун басары Кен Ху, GSM-операторлор ассоциациясы, AT&t, SAP, Turkcell сыяктуу ири телекоммуникациялык холдинг жана финансылык институттардын жетекчилери катышты.

Сессиянын катышуучулары технологиялык өнүгүүнүн, интернет жеткиликтүүлүгүн, өнүгүү деңгээлине заманбап технологиялардын таасирин жана туруктуу инновациялык өнүгүүнү камсыздоочу чаралардын ролун талкуулашты. Ошондой эле ишкердүүлүктү өнүктүрүү маселеси каралды.

Сессияда буга чейин интернет менен камтуу деңгээли боюнча көйгөйлөр болсо, 3G жана 4G стандарттагы мобилдик интернеттин жигердүү өнүгүшү менен аны натыйжалу пайдалануу маселеси жаралды, мында тийиштүү ыкмалар менен камсыздоо жана чараларды кабыл алуу зарылдыгы бар.

Sinovation Ventures жетекчиси, белгилүү бизнесмен Кай Фу-Ли туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана бул үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилеп кетти.

Анын айтымында, мурда жазы тилкелүү интернет экономика өнүгүүсү үчүн катализатордун ролун аткарса, учурда жасалма интеллектке басым жасалууда. Ал белгилегендей, 3 млрд АКШ долларын башкарган Фонд жасалма интеллектти пайдалануу боюнча билим менен камсыздап, жалпы дүйнө боюнча 3 миңден ашуун университет жана колледждердин окуу программаларын жана стандарттарын кайрадан карап чыгууга ниеттенүүдө.

«Жасалма интеллекттин артында математика турат жана жакшы даярдыктагы адисти үч ай ичинде бул жаатта окутуп чыкса болот», – деди ал.

Дүйнөлүк банктын башчысы Джим Йонг Ким сессия жүрүшүндө санариптик экономика ыкмаларын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, инфраструктуралык долбоорлорду курууда технологиялардын өзгөрүү ылдамдыгын эске алуу маанилүү.

Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыгынын санын азайтуу максатында түзүлгөн «Акылдуу шаар» сыяктуу инновациялык технологиялар карапайым жарандардын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк түзөөрү тууралуу айтып берди.

«Ошондой эле заманбап технологиялар коррупция деңгээлин кыскартуу үстүндө иш алып барууга мүмкүндүк берет. Алсак, ачык маалыматтар боюнча долбоорлор, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү алкагындагы иштер маалыматтардын көпчүлүк бөлүгүн ачыкка чыгарууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде бизнестин өнүгүүсүнө, ачык-айкындык деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт. Буга катар санариптештирүүнү ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги фактору катары жеке сектордун активдүү катышуусу саналат. Бардык долбоорлор жеке мамлекет тараптан гана ишке ашырылышы туура эмес. Жеке сектор бул процесске тартылышы кажет. Бул технологиялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун негизин түзмөкчү», – деди Сапар Исаков. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: