Menu

Кыргызстан Өзбекстанга электр экспорттоону убактылуу токтотту

Бөлүшүү:

“Улуттук энергохолдинг” ишканасынын өкүлү Аман Калыбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Өзбекстанга экспорттун токтотулганы “катуу суук болот” деген эскертүүлөр менен байланыштуу. Өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жок, бирок сууктан улам алдын алуу чаралары үчүн мындай чечим кабыл алынды.

Маалыматка караганда, Өзбекстан менен келишимде “аба ырайында өзгөрүүлөр болсо, экспорт токтой турганы” көрсөтүлгөн. Сууктун күчү кайтып, күн жылыгандан кийин коңшу мамлекетке электр кубаты кайра сатыла баштайт.

25-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов президентке маалымат берип жатып, Кыргызстанда “катуу сууктан электр тармактары, от казандар, жылуулук трассалары иштен чыгышы мүмкүн” деп билдирген.

Аталган мекеме 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн – 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн – 30, Суусамырда -40 градус болорун эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: