Menu

Дарига Назарбаева аскерий телеканал ачууну сунуштады

Бөлүшүү:

Казакстан президентинин кызы жана парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Дарига Назарбаева аскердик кызматты пропагандалай турган атайын телеканал ачууну сунуштады.

Жергиликтүү ММКлардын сенаттын басма сөз кызматына таянып билдиргенине караганда, мындай сунушун Назарбаева 24-январда Улуттук коргонуу университетинде өткөн аскерлерди окутуунун сапатын жакшыртуу маселеси талкууланган жыйын маалында айтты.

Басма сөз кызматтан анын кандай типтеги телеканал болорун тактап билдиришкен эмес.

2017-жылы ноябрда Назарбаева казакстандыктар «туруктуу бийлиги, саясаты бар, бардык нерсенин келечеги белгилүү» өлкөдө жашап жатканын билдирген. Ошол эле күнү өлкөнүн коргонуу министри Сакен Жасузаков Казакстандын коргонуу мүмкүндүктөрүн колдогондугу үчүн Назарбаеваны биринчи даражадагы «Эл коргону» медалы менен сыйлаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: