Интернетке порно видеосу тараган делген Кыргыз улуттук консерваториясынын хор жана вокал бөлүмүнүн деканы Мария Шипулина убактылуу кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, Шипулина иликтөө иштери аягына чыкканга чейин жумушка чыкпайт. Буга чейин Мария Шипулина маалымат жыйын өткөрүп, интернетке тараган видео монтаждалганын айткан.
«Чынын айтсам видеодогу жана сүрөттөрдөгү айым мен эмес, бул монтаж. Аны сайтка мени менен мамилесин үзгөн адам жүктөгөн. Ал биздин ортобуздагы мамиленин бузулушун туура эмес кабыл алып, өч алуу максатында ушундай кадамдарга барууда», – деген билдирүү жасаган.
Министрлик учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ