Айрым адамдар иштин көзүн тапмак тургай, бюджетке олчойто зыян келтирип, креслону кучактап алып олтура беришет. Мындайлар бизде өзгөчө арбын. Ошол эле маалда иштеп жатса да анын артынан ар кандай кептерди таратып, аны ордунан алып ыргытмай адатыбыз да бар. Маселен, жакындан тарта Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду башка кызматка коет экен деген сөздөр байма-бай айтыла баштады. Айтылган кептер аныгына тез эле чыкчу эле. Арийне, өзүнүн чарбачыл инсан экендигин далилдеп, шаардыктардын алкоосуна арзып турган Албек мырзаны ордунан жылдыруунун кандай зарылчылыгы бар?’Иштеп аткан кишини башка орунга жылдырып, же таптакыр кызматтан алуунун ордуна колдон-буттан алып сүрөп турбайлыбы? Же шаарыбыз көөдөй караңгылык менен аң-чөнөктүү жолдордон эми арыла баштаганда Албек мырзадан да артык иштеп берем деп бирөө кепилдик берип атабы? Борборду тазалык менен жашылдандыруу маселесин жаңыдан кызуу колго алып атканда Ибраимовду колдоого гана алсак жарашат.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ