Жалал-Абад мамлекеттик университетинин укук таануу адистигинин 3-курсунун студенти Калы Сулайманов Иран мамлекетинде өткөн грек-рим күрөшү боюнча “Takhti Cub 201” эл аралык турниринде алтын медаль тагынды. Эскерте кетсек, аталган турнир 25-январда Ирандын Бендер-Мехшехр шаарында башталган.
Калы Сулайманов 63 килограммга чейинки салмактагылар менен күч сынашып, жарым финалда ирандык спортчу Мохаммади Нурбахшини 3:0 эсебинде утуп алган. Ал эми чечүүчү финалдык таймашта казакстандык Кудайберген Турсунов менен күрөшүп, 7:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Машуктыруучусу Алтын Саалаевдин берген маалыматына караганда, улуттук команданын грек-рим күрөшү боюнча мүчөсү, спорттун чебери К. Сулайманов 2016-жылы Францияда өткөн жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда биринчиликти ээлеген. Ал эми 2017-жылы Түркменстан Республикасынын Ашхабад шаарында жабык имараттагы V Азия оюндарында чемпиондук наамды багындырган. Андан сырткары, бир катар эл аралык мелдештердин да жеңүүчүсү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ