Menu

Тереза эне жана анын акыл берметтери

Бөлүшүү:

Дүйнөдөгү эң мээримдүү Тереза эне 1910-жылы албаниялык жемиш сатуучунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Он сегиз жашынан баштап кечилдик жашоону тандап алат. Калькутта шаарында 20 жыл бою ыйык Мария айымдардын мектебинде сабак берген. 1948-жылы Тереза эне Рим чиркөөсүнөн уруксат алып, эркин кечилдикке өтөт. Аалам кезип кайрымдуулук кылууну максат кылат. 1965-жылдан баштап 20 чактыдай оорукана куруп, 50 миңдей адамды бага ала тургандай даражага жетет. Азыркы учурда дүйнөнүн 111 өлкөсүндө 400гө жакын бөлүмү жана 120 өлкөдө 700 кайрымдуулук үйлөрү бар. Тереза энеге 1979-жылы “Нобель” сыйлыгы ыйгарылган. Жүрөгүнө ааламга жетээрлик сүйүүнү батырган улуу эне 87 жашка чыгып көз жумган. Азыр биз Тереза эненин айтып кеткен миллиондогон адамдардын жүрөгүнө орногон, акыл берметтерине саресеп салып көрөлү:

  • Баардык кылган ишиңерди сүйүү менен кылгыла же такыр кылбагыла.
  • Эгер силер адамдарды күнөөлөп баштасаңар, анда аларды сүйгөнгө убактыңар калбай калат.
  • Сиз бүт дүйнөдөгү тынчтыкты сакташ үчүн эмне кылууңуз керек? Үйгө барыңыз дагы үй-бүлөңүздү сүйүңүз.
  • Узактагыларды сүйүү жеңил, ал эми жаныңардагыларды сүйүү кыйын.
  • Сөзсүз эле чоң иштерди жасоонун кереги жок. Биз кичине иштерди дагы улуу сүйүү менен жасашыбыз керек.
  • Дартка даба болчу эң маанилүү дары – бул назик сүйүү жана кам көрүү.
  • Үй-бүлө күтүш үчүн сүйүү жетет. Ал эми аны сактоо үчүн чыдамкайлуулукка жана кечиримдүүлүккө үйрөнүшүбүз зарыл.
  • Жаныңа келген баардык адамдар өзүн жакшы жана бактылуу сезип кетсин.
  • Өзүңдөн канчалык акылдуулукту, сулуулукту жана боорукердикти ача алсаң, айланадан дагы ошолорду көрө баштайсың.
  • Кудай бизге сыноолорду жеңиш үчүн жиберет. Андан кайрат, күч алып чыңалышыбыз керек.
  • Кайда гана болбоңуз, сүйүүнүн нурун баардык жерде чачыңыз. Эң биринчиден, үйүңүз сүйүүгө бөлөнүп турсун.
  • Сүйүү деген баардык учурда жетиле турган мөмө. Ага баардыгынын колу жете алат.
  • Эң оор жокчулук – жүрөктөгү жокчулук.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: