Menu

Фото – Айыл өкмөт башчыларын, мэрлерди шайлоодо кворум үчүн көпчүлүк депутаттардын болушу жетиштүү деп сунушталган мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Долбоор КР Өкмөтү тарабынан демилгеленген.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчысын (шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын) шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясый көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам байкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу мыйзам долбоору менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Сунушталган мыйзам долбоорунун негизинде кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу зарыл.

Мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: