Menu

Анарбек Усупбаев: “Ашкере динчилдерди ажобуз гана тизгиндей алат”  

Бөлүшүү:

Белгилүү теңирчи, техника илиминин кандидаты Анарбек Усупбаев аксакалды кепке тартып, азыркы радикалдашкан динчилдер эмнеге теңирчилерге каршы чыгып атканы тууралуу айтып берүүсүн сурандым. “А ашкере динчилдерди теңирчилер тизгиндейби?” деген соболум да жоопсуз калган жок.

— Анарбек ага, теңирчилер менен динчилдердин ортосунда такай эле кайым айтышуулар болуп келет, себеби эмнеде?

— Азыркы убакта бизде радикалдык исламчылар өтө эле көбөйүп кетпедиби. Таблиги жамаат сыяктуу дин агымдары биздин жерибизди каптап атат. Убагында Тагай бий бабабыз “Ханафи мазхабындагы ислам динин кабыл алдык” деп айткан экен. Албетте, кагаз түрүндө документ жок. “Ханафи мазхаб” деген бул кыргыздын үрп-адат, каада-салтынын негизиндеги эле ислам динин анча-мынча керектүү жерлерин алган. Мисалы, намаз жана жаназа окуган жерлерин айтып атам. Акыркы убакта дин аалымдары Сауд Арабия жактарына көп барып атышат. Ал эми Сауд Арабия – бул жөөттөр болот! Максаты – бүт дүйнөнүн баарын караңгылыкка айландырып, мээлерин чукуп, анан кул кылуу болуп атат.

— Жөөттөргө алакандай кыргыздын эмне кереги бар?

— Жөөттөр үчүн кыргыз жери абдан ыңгайлуу экен. Анткени, бейиштей болгон табигатыбыз, кен байлыкка толгон жерибиз, сууларыбыз аларды суктандырбай коё албай атат. Көз артышып, анча-мынча акчаларын берип, биздин Чубак ажы баш болгон аалымдарды айдактап, ислам динин бурмалап, башка нукка буруп, радикалга айлантып атат. Анткен менен Теңирим кыргыздын канына, генетикасына элде жок үрп-адатты, каада-салтты нечендеген кылымдар бою сиңдирип койгон. Аны каякта, мейли тиги жагы Америка, мейли бери жагы Европада жүрбөйлү сакталып келет, сактайбыз, сактала бермекчи. Бизге Чубак ажы айтпай эле койсун “ата-энеңди сыйла, ууру кылба, ушак айтпа. Улууну урматтап, кичүүнү ызатта” деп. Андай сөздөрдү ата-бабаларыбыз алмустактан бери айтып келет, Чубак ажысыз эле кийинки муундарга бизге окшогон теңири сүйгөн аксакалдар урпактарына мурас кылып калтырып кетмекчи.

— Карама-каршылык жактарынан бир эле мисал келтириңизчи?

— Мисалы, куранда аял кишини кемсинтет. Кээ бир сүрөөлөрүндө “аялдар эркектерден төмөн туруш керек” деп жазылган. А бизде аял кишини жогору коёбуз, “кыздын кырк чачы улуу” деп. Кыз кишини турмушка чыкканча ата-энеси “конок” деп сыйлап, турмушка чыккандан кийин “эне” деп урматтайбыз. Ушуга окшогон карама-каршылыктардын аркасынан кээ бир түшүнбөстүктөр чыгып атат.

— Сиз айтып аткан кыргыздардын үрп-адатына, каада-салтына шайкеш келген Ханафи мазхабындагы ислам динин кимдер ашкере күчөтүп, радикалдаштырып ийип атышат?

— Эми Кыргызстандын түштүк жергесинде жайгашкан бир туугандарым мени туура түшүнсүн, ошо жакта өзбек, уйгур, сарттар арабдардын башкача багытындагы дин агымдарын тез кабыл алышып, алардын таасири биздин кыргыздарга тийгизбей койгон эмес, кирип кетишкен. Ошол эле учурда тоолук кыргыздарга, кара-кулжалык бир туугандарыма таасири тийген эмес, алар такыр башкача. Албетте,  жок дегенден алысмын. Бирок, арасында бар, бизде да зомби болуп калгандар толуп атат.

— Ашкере исламчылар сиздерди, теңирчилерди “Кудайды таанышпайт, безбожники” деп айыптап атышат го?

— Бизге ислам дини келе электе эле адамзатындагы бир Кудайды таанып “Теңир” деп келгенбиз. Бул эми “тең болсун, тең салмактуулукту кармаган күч” деген эле сөз. Ак-кара, ысык-суук, күн-түн, катуу-жумшак, ачуу-таттуу, жакшы-жаман ж.б. Эми кандай болгон күндө да өзүбүздүн түпкү жолубузга түшкөнүбүз оң.

— Ыбырайым пайгамбар Жаратканды Көкө Теңир деп тааныган. Анан Яхва, Аллах деген сөздөр кайдан келип чыгып атат?

— Жараткан бирөө эле. Аны ислам дини келе электе эле кыргыздар “Жараткан” деп, “Көкө Теңир” деп тааныган. Ооба, Тооратта “Авраам пайгамбар Көкө Теңир” деп тааныганы чын. Анан Яхвасы да, Аллахы да кийин пайда болду. Элдин баарын “Аллах” деп айткыла!” дегени туура эмес. Ал ар кимдин жеке өз эрки.

— Сөзүңүзгө аралжы, “ар кимдин өз эрки, демократия” дей берип, тутуна турган, түркүк болуп бере турган идеологиябыз жок калдык окшойт…

— Ээ кокуй, мамлекеттик идеологияны аныктай турган адамдардын басымдуусу таблиги жамаатта жүрсө, анан кантип биз идеология жөнүндө кеп кылабыз. Мурунку СССР курамындагы бир Кыргызстандан башка союздук республикаларда таблиги жамааттын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган, уруксат жок. А бизде өркүндөп атат. Ошон үчүн биз дагы таблиги жамаатты тез аранын ичинде жабышыбыз керек. Эмнеге дегенде, кошуна жана шериктеш болгон республикалар бизге “силерде таблиги жамаат өз ишмердүүлүгүн кенен-чонон алпарып атат. Силер аркылуу бизге коркунуч жаратышы мүмкүн. Диний экстремизм менен бирге күрөшөлү да. Болбосо карым-катнашты токтотобуз” десе эмне дейбиз?

— Таблиги жамааттын ишмердүүлүгүн ким тыят, ким жабат, бизде ушундай орган барбы?

— Муну бир эле өлкө президенти чечип коёт. Өзүнүн указы менен “Ханафи мазхаб ислам дининен башка ар кандай диндик агымдар, бутактарга биздин өлкөдө тыюу салынат!” деп койсо болду. Ошондо баары ордуна келет. Ансыз деле кыргыз эли мусулманбыз, ата-энелерибиз, өзүбүз никеге турганбыз. Эркектердин баары мусулманча ырым кылып “отургузулат”, көздөрү өтүп кеткен ата-энелерибизге багыштап куран окулат. Эмне, биз ислам дининин жакшы жактарын албайбызбы, алабыз эле. Бирок, кыргыз эли үрп-адаты, каада-салты, дин таанымы анын жалпы уңгусу Жараткан же Теңир.

— Теңирчилик – бул сиздин оюңуз боюнча динби же?..

— Кыргыз эли байыртан, дагы бир жолу айтам, ислам дини келе электе Кудайды таанып, аны Жараткан, Көкө Теңир деп келген. Өзүнүн кыл кыйшайбас мыйзамдары болгон. Мыйзамдардын негизинде идеология түптөлгөн. Күчтүү мамлекет куралган. Аны Кыргыз Каганаты деп аташкан. Ислам дини келери менен мамлекеттүүлүктүн күчү тайыган, муну тарых тастыктабадыбы. Кыргыз түпкүлүгүбүзгө келмейин бизге кыйын болот…      

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: