Menu

“Фабула”: Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адамы катары мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын ишин көзөмөлдөп турган

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Көкбөрү федерациясынын президенттигинен өз ыктыяры менен кетти. Ордуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жыргалбек Саматов шайланды. Көкбөрү федерациясын былтыр апрелден бери жетектеп келген Илмиянов ден соолугуна жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу федерация жетекчилигинен кетүү боюнча арыз жазган. Бул арыз федерация мүчөлөрүнүн кезексиз жыйынында канааттандырылып, анын ордуна Саматов шайланган. Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. Икрамдын аты Кыргызстандагы көптөгөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу айтылып келет. Ал Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адамы катары, учурунда түрдүү мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын ишин көзөмөлдөп турган. Ал өткөн айларда өлкөдөн чыгып кеткени айтылган, акыркы ирет Орусияда экени кабарланган.

Булак: “Фабула” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: