Menu

Фото – Мирбек Мунарбек уулу: “Адахан Мадумаровдун галош кийип, дүкөндөн нан алып келатканы – анын жөнөкөйлүгү”

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-майда Бишкек мэриясы өзүнүн twitter социалдык тармагындагы баракчасына Бишкектин Ашхабад көчөсү асфальттанып бүткөнүн билдирип, фотоотчет жарыялаган. Ал сүрөттөрдүн биринде үйүндөгү жеңил кийимдери менен дүкөнгө чыгып, кайтып келаткан “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун да сүрөтү түшүп калган. Ал сүрөт социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди жаратууда. Биз аталган партиянын жаштар канатынын лидерлеринин бири Мирбек Мунарбек уулунун пикирин жарыялайбыз:

“Кызматка, саясатка кечээ эле келген балдар жөө жүрүшпөйт. Элдин ырыскысына кол салып, кээ бири байлардын тойлоруна барып жүрүп жол тандабас алып алган…

Бул кишинин күнүмдүк жашоосу, өзүнүн табияты ушундай – жөнөкөй, карапайым.

“Галош” дүйнөдөгү эң ыңгайлуу, сапаттуу бут кийим.

Балбак Тулобаев байке мэрияга ыраазычылык”, – деп жазат Мирбек Мунарбек уулу.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: