Menu

Тармактык комитет Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын уюштуруп, түзүлгөн авариялык кырдаалды жеринде талкуулады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Бишкек жылуулук электр борборунда көчмө жыйын уюштуруп, депутаттар түзүлгөн авариялык кырдаал жана аны жөнгө салуу иштери менен жеринде таанышты. Ошондой эле көчмө жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев баштаган тармактык мекеме жетекчилери катышты.

Комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев, кышкы суукта жылуулукту үзгүлтүккө учураткан Бишкек ЖЭБиндеги мүчүлүштүктөр тез арада чечилип, көйгөйдүн келип чыгышына жол берген тиешелүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылуусу керектигин белгиледи.

“Жылуулук борбору реконструкциялоого муктаж болгон. Парламент дагы аталган көйгөйдү чечүүгө байланышкан бардык сунуштарды колдоп келет. Бирок, акыркы реконструкциялоо үчүн коротулган 386 млн. доллардын эсебин биз да, коомчулук да билишибиз керек”, – деди Кожобек Рыспаев.  Ал эми депутат Эмиль Токтошев энергетика тармагында көйгөйлөр көп экенин белгилеп, бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү пайдаланууга чакырды.

Ошондой эле жыйын учурунда депутат Э.Сурабалдиева ЖЭБди реконструкциялоо максатында кытайлык компания менен түзүлгөн келишимде кемчиликтер бар экенин белгилесе, депутат Айсулуу Мамашева  оңдоп-түзөө үчүн кеткен каражаттын көлөмү тууралуу коомчулукта ар кандай кептер айтылып жатканына токтолду.

Вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев бардык көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мекемелер тарабынан текшерилерин маалымдап, күнөөлүүлөр жооп берерин билдирди.

Талкуу соңунда, комитет мүчөлөрү Бишкек ЖЭБиндеги түзүлгөн кырдаалды тез арада калыбына келтирүү менен көйгөйдүн кайра кайталанбашы үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган чечим кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: