Menu

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Жалал-Абад облусунда курулуштары создуккан мектептерде болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш иштери көп жылдарга создугуп кеткен мектептерде болуп, “Курманбек кылымдар мурасы” триумфалдык аркасын капиталдык реконструкциялап ондоо жумуштарынын долбоору менен таанышты.

Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Алгач КРнын Өкмөт мүчөсү Дайыр Кенекеев, ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу “Курманбек кылымдар мурасы” триумфалдык аркасында болду. Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев Жалал-Абад шаарына кире бериштеги арканын толук реконструкциялап, капиталдык ремонттон чыгаруу, Сузак – Жалал-Абад автомагистралынын 3055 метрин асфальттоо жана жол жээгине тротуар салуу жана суу агуучу лотокторду куруу туурасында кенен маалымат берди. Бул максатта Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 25 млн. сом суралып жатат. Ал эми Сузак – Жалал-Абад жолунун 3055 метрин асфальттоо иштерин бүткөрүү иштери КРнын Транспорт жана жол министрлигинен суралууда.

“Курманбек кылымдар мурасы” триумфалдык аркасы 1999-жылы башталып, 2001-жылы бүткөрүлгөн. Ал эми 2015-жылы Сузак районунун 3 айыл аймактары тарабынан 500 миң сомдук ремонттон чыгарылган.

КРнын Өкмөт мүчөсү Дайыр Кенекеев Ырыс айыл аймагына караштуу  курулушу 30 жылга создугуп, ушул кезге чейин бүтпөй жаткан №44 Фуркат атындагы орто мектептин азыркы абалы менен жеринде таанышты. Союздун учурунда, 1985-жылы курулушу башталган мектепке 2004-жылы республикалык өнүктүрүү фондунан 5 млн. 300 миң сом ажыратылып, мектептин имараты, спорт залы менен ашканасы курулуп, чатыры жабылган. Облустук капиталдык курулуш башкармасынын башчысы Зайырбек Кыралиев мектептин курулушуна 53 млн. 300 миң сом талап кылынаарын айтты. Аталган мектептин эски имаратында 420 окуучу 2 мөөнөт менен окуп жатышкандыгын мектеп директору Зафар Алибаев маалымдады.

Барпы айыл аймагына караштуу №35 Комсомол орто мектебинин бир кабаттуу 250 орундуу эски мектебинде учурда 620 окуучу 3 мөөнөт менен билим алып жатышат. Аларга таатыктуу таалим-тарбия берүү ишинде 42 мугалим эмгектенүүдө. 2017-жылы жаңы 2 кабаттуу мектептин пайдубалы 6 млн. сомго курулуп бүткөн. Мектептин курулушун толук бүткөрүүгө  55 млн. сом талап кылынат.

– Республика боюнча курулуш иштеринин 70 пайызы бүтүп калган мектептерди куруу иштерине азыр приоритеттүү көңүл бурулуп жатат. Ошондуктан бул мектептин курулушун улантууга республикалык бюджеттен акча каражатын ажыратуу маселеси оорго турары анык. Бирок, бул мектептин курулушун көңүл четинде калтырбай, анын курулушун улантуу боюнча аракеттер жасалат. Жергиликтүү бийлик органдары дагы бул маселеде кол куушуруп олтурбоолору керек,- деди КРнын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев.

Өткөн жылы Сузак районунда республикалык бюджеттин эсебинен 2 мектеп Жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилген.  Сузак району боюнча 108 мектеп бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: