Menu

Тажикстанда өз каражатына мектеп курган ишкерлер салыктан бошотулган

Бөлүшүү:

ажикстандын Рудаки айылынын Оби Шифо жана Шахристон айылдарында президент Эмомали Рахмондун катышуусунда жаңы мектептердин ачылышы болду.

Шахристон айылындагы мектеп ишкер Абдухалил Гуломов тарабынан 21 миллион сомониге ($2,2 млн) курулган. Окуу жай 1280 окуучуга ылайыкташкан. Ишкер алдыда Куляб районунда дагы заманбап мектеп курууга ниеттенип жатканын билдирди.

​Оби Шифо айылындагы мектеп ишкер Нуршед Марабовдун каражатына курулган. Ал былтыр президент Эмомали Рахмондун Рудаки районунун жашоочулары менен жолугушуусу маалында мектеп куруп берүүнү убадалаган. Жаңы мектеп үч кабаттан туруп, 1280 окуучуга ылайыкташкан.

Жергиликтүү ишкерлердин айтымдарында, бийлик өз каражатына мектеп курган бизнесмендерди салыктын бардык түрүнөн бошоткон. Бул маалыматты өлкөнүн Салык комитетинен дагы ырасташты. Мекемеден мындай жеңилдиктер өз каражатына мектептерди, бала бакчаларды, медициналык жайларды, ошондой эле мамлекеттин балансына өткөрүлө турган имараттарды курган ишкерлер үчүн каралганын кошумчалашты.

Ал ортодо жергиликтүү ишкерлер башка өлкөлөргө салыштырмалуу Тажикстанда салыктар жогору экенин билдиришүүдө. Мындан улам тажик ишкерлери аз киреше таап, салыктан качууга аракет кылары айтылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: