Menu

Мусабекова алкымы чоң акимдерди ачык айта албайбы?

Бөлүшүү:

Чынында мындай оор кырдаалда: “Элге кебин айтпаган, эрендерден не пайда” – демекчи, бийликке кошомат кылбай, тартынбай, чыркыраган чындыкты айтып турган эр жүрөк эр азаматтарды элибиз колдоп, коштоп кетет эмеспи…

Жеңиш Молдокматовдун бул кайрылуусу ЖМКларга, соцсеттерге тасма түрүндө тарап, коомчулуктун колдоосуна татып жатат.

ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова өзүнүн соц баракчасына коррупция боюнча мындай бир ишти билдирди: “Бишкек шаарынын бир акими “шагыл төктүк, анттик, минттик!” деп МТУлар аркылуу миллиондогон далай акчаны чөнтөгүнө солоп ийиптир. Аны укук коргоо органдары текшерсе крышаларына жүгүрүп бас-бас кылып аткан кези. Документтер колдо. Эгер укук коргоо органдары “бармак басты көз кысты” кылып ийсе кызыктар башталат. А байкуш жаңы конуштун элдери жол жок ылай, баткагына чыдап унчукпай келатса алкымы чоң акимдер өйдө жактагы сыйкыр таяктарына таянып талтаңдап атат. Сапар Исаков ТЭЦ эле эмес ылдый жактагы миллиондогон коррупцияны караңыз. Сыйкыр таяктары сиздин жаныңызда жүрөт.”  Бирок азырынча кайсы аким экенин ачыктаган жери жок. Анча болду табышмактатпай, ачык эле жазса жакшы болмок… Же бир ыңгайлуу учурду күтүп жатабы? Тарсылдап жүргөн айымга мындай табышмактаганы жарашпайт экен. Же ортодо ооз басырык боюнча сүйлөшүү жүрүп жатабы?

Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: