Былтыр экс-“акжолчу” депутат Максат Кунакунов терроризм, экстремизм боюнча айыпталып, УКМК га камакка алынган. Албетте, оор кылмыштарга шектелип. Кызыгы, ошол бойдон анын иши боюнча коомчулукта маалымат жок. Тергөө иштери кандай жүргөнү, дегеле сот процесси боюнча да кабарсызбыз.
Баса, көп өтпөй М. Кунакунов менен азыркы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов уялаш жакын тууган катары ММКларга чыккан жайы бар. Мына ушундан улам эл ичинде ар кандай сөздөр тарап, суроолор жаралууда. “Мэрдин жакын тууганы болсо, түрмөдөн жашыруун чыгарып алдыбы?” дегендей.
Таңгалычтуу эй, эмнеге Максат Кунакунов боюнча бир дагы орган маалымат бербейт? Ал азыр түрмөдөбү, же кайда? Балким, чын эле жашыруун жолдор менен абактан бошоп кетеби?
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ