Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факултетинде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер факультеттин имаратынын алдындагы аянтта “Индия Республикасынын күнү” майрамын белгилешти. Бул майрамдык иш-чара убагында индиялык студенттер өздөрүнүн улуттук желегин көтөрүшүп, анын жанында мамлекеттик гиминин ырдашты, улуттук ыр-бийлерди аткарышып, иш-чарага катышып жаткандарга майрамдык маанай тартуулашты.
Бул салтанаттын уюштуруучусу университеттеги чет өлкөдөн келген студенттер боюнча жооптуу адис Кишан Бхандари болду. Анын айтымында, турмуштун чоң жолуна аттанып, Жалал-Абадга илим алганы алыстан келген жаштар атамекендик майрамын унутпастан, өз мекенин сүйүшөрүн көрсөтүштү.
Эскерте кетсек, 1949-жылы 26-январда Индиянын учредителдик жыйыны өлкөнүн конституциясын кабыл алса, ал 1950-жылы күчүнө кирген. Ал эми 1930-жылы ушул күнү Индия өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган жана бул күн жыл сайын өлкөдө майрамдалып келет.
Майрамдык иш-чарага медицина факультетинин деканы Максуда Жуманалиева баш болгон окутуучулар тобу жана миңден ашуун студенттер күбө болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ