Өзбек бийлиги белгилүү тажик жазуучусу Садриддин Айнинин Самарканд шаарындагы үй-музейин оңдоп-түзөөнү чечти. Өкмөт бул үчүн 300 миллион сум ($37 миң) бөлдү.
Өзбекстандагы Тажик коомунан билдиришкендей, үй-музей жазуучунун 140 жылдык мааракесине карата жаңыланып бүтөрү күтүлүүдө.
Садриддин Айнинин үй-музейи эски шаардын борборунда, борбордук аянт менен Регистан ансамблинен алыс эмес жерде жайгашкан. Бул үйгө белгилүү жазуучу 1917-жылы Бухара эмири Алим-хандын куугунтуктоосунан кийин келип жайгашкан.
Жалпысынан Айни бул үйдө 35 жыл жашаган. Ал эки бөлүктөн турат, биринчиси XVIII кылымдын аягында курулса, экинчисин 1930-жылдары Айни достору менен салган.
2009-жылы өзбек бийлиги үй өтө эскиргенин жүйө келтирип, бузарын жарыялаган. Бул билдирүү Самарканд интеллигенциясынын нааразылыгын жараткан. Алар мындай кадам өзбек-тажик мамилелерине доо кетирерин белгилешкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ