Өлкөнүн атайын кызматын 1995-жылдан бери башкарып келген Рустам Иноятовдун отставкасы тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 31-январда, Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери катышкан селектордук жыйында билдирген.
73 жаштагы Иноятовдун ордуна Өзбекстандын 52 жаштагы башкы прокурору Ихтиер Абдуллаев дайындалганы кабарланган.
Өзбекстандагы эң таасирдүү адамдардын бири эсептелген Рустам Иноятов Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун ыктымал «мураскери» деп эсептелип келген. 2016-жылы августта расмий Ташкент Каримовдун ооруп жаткандыгын билдиргенден кийин ал туңгуч президенттин ордун басуучу негизги үч талапкердин бири катары аталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ