Menu

Үй кожойкелер үчүн пайдалуу кеңештер

Бөлүшүү:

Жумуртканын агы менен шымды жамоого болот

Костюмдун шымы капысынан тилинип, же бирдемеге илинип жыртылып калса, сөзсүз эле ийне-жипти алып чыгуунун кереги жок. Бул акыбалдан ийне-жипсиз эле чыгууга болот. Кийимди тетирисинен оодарып, жыртылган жерге шымдын өңүндөй кездеменин кыркындысын коюп, аны жумуртканын агы менен билинер-билинбес кылып сыйпайбыз. Жумуртканын агы турган тарабын шымга каратып, үстүн ысык үтүк менен басабыз. Мындай кылганда шымдын сыртынан  жамаачынын бары-жогу билинбейт.

Ершиктин ордуна гречка

Оозу тар айнек бөтөлкөлөрдү жууганда ершик керектелет эмеспи. Антпесе, бөтөлкөнүн түбүн тазартып жуу мүмкүн эмес. Бирок, эгер кол алдыңызда ершик жок болуп калган чакта да бир айласын табууга болот. Ал үчүн бөтөлкөгө гречка, же күрүчтүн бир нече данын салып, үстүнө бир аз суу куюп, абдан катуу аралаштырыңыз. Андан соң данды суу менен кошо төгүп таштап, бөтөлкөнү чайкап койсоңуз эле, жаркырап чыга келет.

Линолеумду кантип сактоо керек?

Эгер сиздин полуңуз линолеум менен чапталган болсо, анда жылына эки жолу  зыгыр майы менен майлап турушуңуз керек. Бул линолеумдун жарактуу мөөнөтүн узартып, сырткы көрүнүшүн да жакшыртат. Зыгыр майын жүн чүпүрөккө бир аз сыгып алып, аны менен линолеумду сүртүп чыгыңыз. Ошону менен бир суткага чейин жуубаңыз. Кийинки күнү да сууну колдонууга болбойт, жөн гана кургак жүн чүпүрөк менен полду бир сыйра аарчып чыгыңыз. Майдын тагы калбайт, а линолеумдун өңү азыр эле дүкөндөн сатып келип, полго чапталгандай  сезим калтырат.

Бут кийимди апельсин менен тазалайбыз

Териден тигилген эски бут кийимиңиз кийилбей үйдүн бир кычыгында жатабы? Эгер аны кайра кийүүнү кааласаңыз апельсиндин жардамы менен жаңы өмүр тартуулай аласыз. Апельсиндин кабыгын кесип алып, кызгылт сары тарабы менен бут кийимди жакшылап сүртүңүз. Сүртүп атканда күчүңүздүн жетишинче апельсинди бут кийимге басыңыз, анткени, жемиштен шире чыгышы керек. Андан соң бут кийимди жумшак чүпүрөк менен аарчып салыңыз. Жаңы бут кийимиңиз даяр!

Духовкадагы майдын тактарын кантип кетиребиз?

Духовкада ар кайсы даамдуу тамактар бышат. Майсыз да, майлуусу да бар. Акырындык менен духовканын ичи катмарланган май тагына толуп калат. Мындайда ар бир кожойке кантип баштапкы көрүнүшүнө алып келем деп баш оорутса керек. Бул аткарылчу нерсе. Ал үчүн 10 грамм лимон порошогун, Пемолюкс сыяктуу кургак тазалоочу каражаттан бир чай кашык алып, үстүнө идиш жуучу каражаттын кайсы түрү болсо да кошуп, аралаштырасыз. Коюу масса пайда болот, аны   духовкадагы май тактарына калың сыйпап, 10-15 мүнөткө тыныктырабыз. Эгер так абдан калың болсо, 15 мүнөттөн кийин массанын үстүнө азыраак суу чачып коебуз, анткени, кургап калышы мүмкүн. Дагы 15 мүнөт убакыт кармайбыз. Андан кийин ным чүпүрөк менен акырын тазалайбыз. Майдын тактары оңой кетет. Эсиңизде болсун: айтылган каражаттар аралашкандан кийин  жагымсыз жыт пайда болот. Колуңузга резина кол кабын кийип иштеңиз.

Жылмайып коюңуз

Тиричилик кылуу кыйын дейсизби? Абдан оңой. Жерде чачылып жаткан нерсени алып коюңуз, чачылбаган нерселердин чаңын аарчыңыз, кыймылдап аткан нерселердин курсагын тойгузуңуз…

Булак: Миң Түркүн журналы 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: