Menu

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Тажикстан Республикасына жасаган расмий визитинин алкагында бүгүн, 1-февралда, Душанбе шаарынын Улуттар ак сарайында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки Президенттин расмий жолугушуу аземинен, Ардактуу кароол менен учурашуудан, эки өлкөнүн делегацияларын тааныштырып, Ардактуу кароолдун ротасы салтанаттуу марш менен өткөндөн кийин  Мамлекет башчылары  тар курамда сүйлөшүүлөр өткөрүлчү залга бет алышты.

Андан соң сүйлөшүүлөр кеңири курамда өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: