Menu

Чубак Ажы Жалилов: “Сүннөткө отургузулбаган эркектердин аялдары “бешеная матка” болуп кетишет…”

Бөлүшүү:

Коомчулукту кызыктырган суроолорду Чубак ажы Жалиловго жеткирип, анын жообун окурмандарга тартууламакчыбыз. Эгерде сиздерди түйшөлткөн суроолор болсо, 0705-00-09-78 телефон номерине СМС аркылуу жөнөтүңүздөр?

– Чубак ажы, бир аксакал айтат да, «ай толгон кезде гана аялдын боюна бүтүрүш керек. Ошондо акылдуу, ар тарабы келишкен мыкты уул-кыз төрөлөт» деп. Жаратылыштын мындай түнкү кубулушу чындап эле бойго бүтө турган түйүлдүккө таасир береби?

– Шариатта «айдын толгондугуна ка­рап боюна болсо» деген маселе айтылбайт. Болгону ортодогу мамиле адал жол менен, ак бата жана ыйык нике менен болуусу кажет. Ошондой эле жубайлардын бири-бирине жакындашуусу учурунда айтыла турган дубаны айтканы дагы максатка жетишүүгө себепчи болот. Ибн Аббастын риваятында пайгамбарыбыз алайхис салам: «Силердин бириңер жубайы менен жыныстык мамилеге барардан мурда «Бисмиллахи, Аллоохумма жаннибнаш шайтаана ва жаннибиш шайтаана маа разактанаа» деген дубаны айтса, алардан төрөлгөн балага шайтан зыян жеткире албайт» дейт. (Бухарий, Муслим.) Дубанын мааниси: Алланын ысымы менен! Оо Жараткан Алла! Бизди шайтандан жана шайтанды бизге бере турган перзентибизден ыраак кыла көр! (Пайгамбарыбыздан дубалар китеби, 23-6.) Арабча текстти жаттап айтканы эң жакшы, жаттай электер болсо жаттаганга чейин кыргызча маанисин айтса да жараша бе­рет. Андан сырткары, эне менен атанын ден соолугунун чың болуусу, жубайлардын никеге турганга чейин медициналык кароодон өтүүсү, сапаттуу жана адал тамактануусу, үйдөгү атмосферанын жагымдуу болуусу жана албетте, сүйүү чоң мааниге ээ болот.

Бала эненин боюнда экенинде, эне өзүн ар кандай психологиялык жабыркоодон, жаңжалдардан оолак кармап, жакшы сөздөрдү, Куран укканды адат кылып алуусу керек болот. Атайын дарыгердин көзөмөлүндө болуп, такай намаз окуп жүрсө, талаптагыдай перзенттүү болгонго өбөлгө түзөт. Ал эми никесиз, мас болгон абалда, арам оокат менен азыктанганда, бейдаарат болгон да жакшы эмес жыйынтыктарга жетип калуусу ыктымал. Жаман акыбалдан Кудайым асыраган болсун.

– Коомчулукта жылдыз төлгөлөргө ишеним артуу, астрологияга кызыгуу арбын эмеспи. Бул жаатта оюңуз кандай? Негизи эле астрология илими менен ис­лам дининин жакындыгын байкай алдыңыз беле?

– Шариатта пал ачкандарга, жылдыз төлгө карагандарга, те­сме тартып тагдыр айткандарга жан тартып, жакшы көрүлбөйт. Аларга ишенүү динибизде күнөө катары эсептелет. Имам Бухарий өзүнүн «Жаамиьус сахих» китебинде мындай айтат: «Катаада айтты: «Алла Таала бул жылдыздарды үч нерсе үчүн жаратты: асмандын кооздугу үчүн, шайтандарга атылган ок болуусу үчүн, адашпастан (географиялык мааниде) туура жолду табуу үчүн алаамат белги болуу үчүн. Кимде ким мына ушул нерседен башка нерсе үчүн таавил (жылдыз карап төлгө тарткандай) кылса, каталык кетирген болот. Акыйкат туу­ра жолдогу насип ээсин жоготкон болот. Берилбеген билимге башын ооруткан болот!». (Баабу маа жаа,а фии ат танжиим.) Ал эми астрономия илими кадимки илим катары бааланат. Айдын башталуусу менен бүтүүсүн, ааламдагы планеталарды, биздин галактиканы (күн планетасы кошо кирген жылдыздар системасын) окуп үйрөнүү, жалпы инсанияттык жыргалчылыкка пайдалануу жакшы, берекелүү жумуш ката­ры бааланат.

– Медициналык булактар көрсөткөндөй, жылдан жылга жашы 18ге жетпеген кыздардын бойдон алдыруусу көбөйүп баратат. Мунун өзү улуттун эртеңки келечегине коркунуч да? Ушул жагынан кандай кеңештериңизди айтасыз? Же бабалардын ыкмасына салып, 16-17 жаштагы кыздарга үйлөнө берүү туура дейсизби?..

– КР мыйзамдарында жарандар 18 жаштан баштап никеге тура алышат, кээ бир учурларда жагдайларга жараша 17 жаштан баштап турууга, жергиликтүү бийликтин жана аксакалдар кеңешинин сунуштамасы менен уруксат берилет (!) деп жазылат.

Дегинкиси, кыздардын бой­дон алдыруусун эки өңүттөн карасак болот. Алгачкы өңүт: ыймандуулуктун, тарбиянын жетишсиздиги. Алакандай жерин эптей албай алдырып жиберген кыз андан башкасын де­ле колунан жулдуруп жиберет. Арам менен адалдын айырмасы айтылбаса, эркек балдар ме­нен кыз балдар мектептерде эки бөлөк окутулбаса, «кызга кырк үйдөн тыюу» салты сакталбаса, анда дагы деле боозуп, колунда бары алдырып, колунда жогу тууп таштап кете берет. Экинчи өңүт: кыздар менен жыныстык мамиледе болгондорду, зордуктагандарды, же өз ыктыяры менен кошулгандарды, никесиз кошулгандыктары үчүн оорлотулган жазаларга тартуу (мисалы, мусулманчылыкта үй-бүлөлүүлөр зынаа кылса ташбараңга алынат, ал эми бойдокторго балак урулуп, сүргүнгө бир жылга айдалат). Өз каалоосу менен жатып берген аялзатына эркектерге каралгандай эле жаза каралуусу шарт.

Дагы бир айта кетчү нерсе, жыныстык жашоого жарактуу болуп калуунун өзү эле ал жаш жарандын никеге турууга жарап калгандыгын түшүндүрбөйт. Никенин оош-кыйыштары, үй-бүлөлүк жашоонун кыйынчылыктары, кайындар менен катташуу, бала-чака тарбиялоо, үй-бүлөнүн жоопкерчилиги (!) деген түшүнүктөргө да даяр болуусу шарт.

Ошондой эле эркек балдар да ата сакалы ээгине чыкпай туруп эрте үйлөнгөндөр да бар. Өзүн бага албай, карыган ата-энесинин пенсиясын аңдыган жаш жигиттерге да үйлөнүүгө эртелик кылат. Менин колумдан келсе, «эркектерди 23 жаштан кийин гана үйлөнсүн» дегенге маани берет элем. Албетте, бул баардыгына бирдей айтылган сөз эмес.

– Сауд Арабиясы, Пакистан, Афганистан ж.б. мусулман өлкөлөрүндө жашы жете элек, өспүрүм кыздарга үйлөнүү «мода» турбайбы? Негизи кыз күйөөгө тийүү үчүн канча жашында жетилет?

– Бул суроого жогорудагы жоопто жетишерлик жооп берилди. Үйлөнө турган адам жашаган жердин климаттык абалына жараша бойго жетүүнүн жаш курагы да өзгөрөт. Балагат жашына жете элек кыздарга үйлөнүү мен билгенден эч бир жерде практикаланбайт. Сауд Арабиясында көп жылдар жашаган адам катарында бул маселени жакшы билем. Ата-эне эч убакта кыздарын эртелей кыйноого сала бербейт, ага ата-энелик мээрим жол бербейт.

Балагатка жетүүнүн шариаттык белгилери этек кир келүү менен билинет. Этек кири келе баштаган аялзаты жоолук салынып жүрүүгө, намаз окууга милдеттүү болот. А бирок, «турмушка чыгууга даяр болуп калды» дегенди түшүндүрбөйт. Кээ бир диниятчылардын, ага кошулган дүйнөбийлердин (светтиктердин) сагызгандай кайталап айтып жүргөнү туура эмес маалымат. Алар «намаз окуган күндөн баштап эле турмушка чыга берсе болот» дегенди байма-бай кайталап, аны менен мусулманчылыкты башкаларга жек көрсөтүп жатышат.

– Сүннөткө отургузуу мусулманчылыктан кыргыздын салты катары калыптанып калган эмеспи. Бирок, акыркы жылдары теңирчи Анарбек Усупбаев чочокту кулдар кестирет, биздин ата-бабада мындай жосунду кылган эмес, жат көрүнүшдеп атат. Коомчулук ичинде да эки анжы ойлор жарала баштады. Сиздин пикир?

– Эми сиз айтып жаткан кишинин сөзүнө маани берүү туу­ра эмес. Капарга да алууга болбойт. Кайран корогон убакыт. Ал киши сыяктууларга карап түздөнбөйт кыргыздар. Анарбек ага кестирбесе, бүрүлөй алып жүрө берсин. Анүстүнө дааратты да билбейт эмеспи, качан за­ражения болгондо, урологияда чоң болуп иштеген акыл-эстүү, кадыр-барктуу иниси бар, ошого кестирип алат.

Сүннөткө отургузуу сүннөт болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз Алайхис салам сүннөткө отургузууну шариат жакшы көргөн сүннөт амалы болгондон да, адамдын жаратылышына туура келе турган жакшы жорук ка­тары да сыпаттаган. Сүннөткө отургузулган эркектин ден соолугу чың болуп, ар кандай венерологиялык (жугуштуу жыныс ооруларынан) алыс болуп, денесинде бүгүш калбагандыктан гусулу менен даараты толук болот. Төшөк маселесинде өзү да, өнөктөшү да жыргалдын туу чокусуна бирге жетишет. Ошол отургузулбагандардын аялдары «бешеная матка» болуп ооруп, ойнош күткөнүн орусиялык же­ле түйүндөрдөн издебей табасыз. Айтор, бактылуулук сүннөт менен жашаганда болот.

– Фейсбук баштаган бир топ социалдык түйүндөрдө мусулмандар менен теңирчилердин кайым айтышуусу күчөп, бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен шыбашууда. Мунун арты кыргыз элинин ынтымагына доо кетирбейби? Эрегишкен эки тарапты жакындаштырып, кандай ыкмада акылга чакырса болот?

– Сиз айткан түйүндөрдө мусулмандар менен теңирчилердин кайым айтышууусу дегеле болгон жери жок. Ал ошол эле теңирчилер менен псевдомусулмандардын (мусулман болумуштардын) айтышы. Анткени, чыныгы мусулман антип акыйнек айтышпайт. Богооздонбойт. Кээде ошол эле теңирчилердин атын өзгөртүп жазып жатканы баамдалат. Анткени атын өзгөрткөн менен сыясынын жыты кабар берип турат эмеспи. Мусулман диниятчылар, карапайым мусулмандарга тенирчилер менен болобу же башкасы менен болобу, ар дайым жакшы мамиледе болуп, туура сөзду сүйлөп, акыл-эстүүлүк менен динибизге даават кылууну ба­са белгилеп айтабыз. Анткени, жердеги ылай болгон топурак менен башка бирөөнү урсаң, ага тийип да калат, тийбей да калат. А бирок, колуң ылай болуп калары аштан бышык эмеспи.

– Айрыкча күйөөлөрү түшүндө жөөлүп сүйлөп, күнүмдүк кыз-келиндердин аттарын атап алышып, үй- бүлөдө ынтымактын кеткени көп кездешет. Кызгануунун дагы толгон токой мисалдарын келтирсек болот. Негизи аял-эркек ортосундагы ашкере кызгануу бул оорубу, же сүйүүбү?..

– Балким аялдары деле жөөлүп жаткандыр, кимдир бирөөнүн атын айтып. Аны текшерип көрүү керек. Кызгануу чектен чыкпаган учурда мактоого татырлык, ал эми таптакыр жок болсо, же чектен чыгып кетсе, жектөөгө ылайыктуу болуп калат. Негизи, обу жок аялдар менен акылы жок эркектер ашкере кызганчаак болушат. «Жаман катын эр коруйт, жаман эркек жер коруйт» болгондор да бар. Жаман катын эрин коруп жатса, ага кошулуп, анын эрин корушкан кээ бир журналист аялдар жана журна­лист эркектер да бар. Эми аялдарды түшүнөйүн эле дейсиң, а бирок эркектерди таптакыр түшүнө албайсың. «Алар эмнеге эркектерди коруйт?» десең, же аларга эркек керекпи?.. Айтор, түшүнүксүз… Ориентациянын баары адашып кеткендей, Айтматовдун тоолору кулап, кыяматы келгендей… Тооба…

– Мечиттер көбөйүп атат, Кудай кут кылсын! Бирок, эл көп келгенде машина токтой турган шарттары жок, быкылдап батпай калып, ыңгайсыздыктарды жаратууда. Эптеп эле мечит салуу эмес, мекендештерибизге шарттарын түзүп берүүнү да ойлосок болбойт беле? Ушул боюнча кандай кеңештериңиз бар?

– Эң туура баамдагансыз. Мен да сиз айтканды айта берип тилим тешилди…. Көч бара-бара түзөлөт…

ландысы кийинки санда)

Асланбек Сартбаев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: