Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

Эртең, 2-февралда өтүүчү кеңештин жыйынында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, интеграциялык биримдикти өнүктүрүү жана анын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү маселелерин карашат.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги макроэкономикалык абал, Биримдик өлкөлөрү ортосундагы өз-ара соода жүгүртүү, агроөнөржай комплексинин абалы жана келечекте ЕАЭБди өнүктүрүүгө байланыштуу башка максаттар талкууланат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюулушу күтүлүүдө. Ушул эле күнү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны алкагында Премьер-министр Сапар Исаков «Ааламдашуу заманындагы санариптик күн тартип» форумуна катышат.

Форумдун ишине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, эл аралык эксперттер жана башкалар катышмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: