Menu

ФБРдин аракеттери тууралуу жашыруун меморандум бүгүн жарыяланат

Бөлүшүү:

Дональд Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө маалындагы ФБРдин мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтылган жашыруун меморандум бүгүн жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлдөрү билдиришти.

«Дональд Трамп документ менен таанышты жана аны жарыялоого уруксат берүүгө даяр. Андан соң ал документти эмне кылуу боюнча Конгресс чечим чыгарат», – деп билдирди президенттин жардамчысы.

Мемарандумга ылайык, ФБР соттон Трамптын кеңешчиси Картер Пейжди аңдууга уруксат сураган маалда, бул өтүнүч Хиллари Клинтондун шайлоо штабы тарабынан төлөнгөн «Трамп досьесиндеги» маалыматтарга негизделгенин айткан эмес.

Документте өз ара жазышууларында Клинтонду колдоп, Трампты жактырбасын билдирген ФБРдин эки кызматкеринин ысымдары дагы аталышы мүмкүн. Алар узак убакыт Трамптын шайлоо штабынын Кремль менен ыктымал байланышын иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллердин командасында иштешкен.

Конгресстин төмөнкү палатасындагы демократтар меморандумдун жарыяланышына каршы кеңири өнөктүк башташты. Алар анда «атайын кызматтардын ишин саясатташтыруу белгилерин» көрүп жаткандыктарын билдиришүүдө. Башкы прокуратура менен ФБРдин жетекчилери дагы документтин жарыяланышына каршы болуп жатышат. Алардын айтымдарында, документте «окуялар так көрсөтүлгөн эмес жана ал маанилүү чалгындоо маалыматтары менен аларды чогултуу ыкмаларын ачыкка чыгарышы мүмкүн».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: