Menu

Болсунбек Казаков, Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку төрагасы: «Менин кызматтан кеткеним саясий чечим болгон »

Бөлүшүү:

— Болсунбек мырза, кызматта турган кезиңизде бир топ мандемдүү иштерди жасап кеткениңиз коомчулукта айтылып, ошол иштер боюнча кылмыш иши ачыла турганы кабарланып жатты эле. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Кызматтан кеткенден кийин көрүнбөй, үнүңүз да чыкпай кетти. Коомчулукка мандемдүү иштердин баары ачыктала электе бүтүрөйүн деп нары-бери чуркап жүрөсүзбү?

— Нары-бери чуркабай эле, сууктун күнүндө үй-бүлөмдүн кашында олтурам. Мен башкаларга окшоп өзүмдү пиар кылганды анча жактыра бербейм. Мени жаманатты кылганга “Фабула” гезитинин ээси, парламенттеги депутат Рыскелди Момбековдун да тиешеси бар. Анткени, мен министр катары көрсөтүлүп жаткан тармакка анын кишиси дагы көрсөтүлгөн. Жыл жыйынтыгы чыкканда ошол кишини Рыскелдинин гезити “жылдын мыкты министри” кылган. Андан тышкары бийликтин саясатын колдогон айрым гезиттер дагы мени каралаганга өздөрүнүн салымын кошушту. Мен мамлекеттик мүлк фондун башкарып турган учурда килтейген “Ак-Кеме” мейманканасы баштаган ондон ашык обьектилерди мамлекетке кайтардым. Өз ишиңди мыкты билсең айрымдарга жакпай калат экенсиң да. Кызматта жүргөндө Алмаз Шаршеновичтин жеке кабыл алуусунда үч жолу болдум. Интернет 3 эсеге кымбат болуп кеткен учурда, анын баасын түшүргөнүмдү азыркы президент Сооронбай Шарипович өзү да жакшы билет. Табиятыман эле кызматка жулунганды жаман көргөндүктөн, азырынча үйдө тынч эле отурууну туура деп чечтим. Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде да көзгө көрүнүктүү иштерди жасаганымды көпчүлүк билет. Мен кайсы жерде иштесем да жетекчи катары өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү көрсөттүм деп ойлойм.

— Кызматтын майын чыгарып жатсаңыз кандай негиз менен жумуштан алындыңыз?

— Сапар Жумакадыровичтен кызматтан кеткеним саясий чечим болгондугун уккандан кийин туура кабыл алдым. Кызматтан кеткенден кийин жакшы тааныган журналисттер “Сизди жөн эле каралап жатышат. Атайын маалымат жыйынын өткөрбөйсүзбү” деп айтышканда маданияттуу түрдө баш тартып койгом.

— Сиздин ордуңузга барган жаңы төрага тууралуу эмне демекчисиз?

— Ал жакта иштеп жүргөн учурда өз ишин мыкты билген жаш кызматкерлер бар эле. Кызматка жаңы келген төрагага алар тууралуу өзүмдүн жакшы пикиримди айттым. Андан тышкары ага бул тармакта жакындан билген адис катары керектүү учурда жардамымды аябасымды айттым.

— Учурда кызмат боюнча сунуштар түшүп жатабы?

— Кызмат боюнча сунуштар түшүп жатат. А бирок чындыгында азырынча эс ала турууну туура көрдүм. Учурунда кандай кызматка барып кала турганымды убакыт көрсөтөт.

— Үйдө бош жатып зериккен жоксузбу?

— Азыр ойлосом мамлекеттик кызматта жүрүп үй-бүлөмө жакшы көңүл бурган эмес экенмин. Учурда үй-бүлөмдүн маңдайында болгондон тышкары ден соолугумду чыңдап жатамын.

Нурсултан ШАЙДИНОВ

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: