Бишкек шаардык МАИ кызматында башчы болуп турган таластык Барпиев кеткени техастардын доору бүтүп, эми жалалабаддык Бопоновдун келиши менен югаславтардын доору сүрүп жаткан кези. Кептин төркүнү эмнеде болуп жатканын түшүнгөндүр түшүнөөр. Шаардык МАИге жетекчи болуп дайындалган Шайырбек Бопонов деген жигит иштебей эле иш бөлмөсүн италиянын мебелдерине толтуруп бүтө албай жатыптыр. Кол алдындагылардын айласын алты кетирип, Абдырахмановдун Италия мебель саткан дүкөнүнө кайра-кайра чуркатып дегендейчи. Алкановдун күйөө баласына Италиянын мебелдери кеп бекен чиркиндики. Бул жигиттин алгачкы карьерасы ыраматылык бейиши болгур Исмаилов Кубан Абылкасымовичтин айдоочусу болгондон башталган. Кайран жигит шансты колдон чыгарбай анын кызына үйлөнүп, анын арты менен карьерасына жол ачып алган эле. Эми олигарх Алкановдун күйөө баласы. Иш бөлмөсүн анчалык кооздоп эмне кылат десеңиз, кызматты түбөлүккө сатып алгансып…андан көрө иштебейби.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ