2018-жылдын 2-февралында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Кремль” кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:33тө Ош шаардык №12 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 13:43тө №12 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 13:46тө №13 АӨКБдан 1 бөлүм, жана кошумча саат 14:06да №85 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Жалпы 4 бөлүм тартылган. Ошондой эле, КР ӨКМнин Кризисти кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ Көчмө байланыш пункту (ППУ) менен жерине тартылган. Саат 14:30да чектоо берилип, өрт саат 14:53тө толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен болжол менен 200 чарчы метр аянт күйгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ