Menu

Экс болгондон кийин сөзсүз элчи болуш керекпи?

Бөлүшүү:

Кызмат деген адамды кызылдай эле жейт экен го. Кызмат артынан байлык топтоо кумары ушу тапта күч алмак тургай ашынып кетти. Ал эми, кезинде жети өмүрү ыраазы болгудай байлык топтоп алгандар дале кызмат күсөп турганына таң каласың. Мисалы, экс премьер-ми­нистр, кой оозунан чөп албаган момун көрүнгөн Жантөрө Сатыбалдиев Тышкы иштер министрлигинин эшигин улам жыртып, чет өлкөлөрдүн бирине элчи болууга кызмат сурап жүргөнү кызык. Карыганда калжаңдап, жаштардан кызмат талашпай жөн жатууну булар качан түшүнөт деги? Макул Жантөрө Сатыбалдиев элчи боло калса эле Кыргыз элине таалайдын таңы атып кетеби? Маселе ушунда… Качанкыга чейин ушул «эскинин калдыктарын» багып жүрө беребиз. Жаңы муун, жаңы дем деген болобу деги бизде. Де­геним, «экспонаттар» амбицияларына азгырылбай ордуларында эле турса гана, аттиң…

Булак: Де-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: