Төрага Дастанбек Жумабеков башында турган Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 2-февралда парламенттин 2018жылдын 14-15-февраль күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти.
Ага ылайык, Жогорку Кеңеш 14-февралда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун кароону пландаштырды.
Ал эми 15-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын жазгы талаачылык иштерине даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалыматын угат. Ошону менен катар “Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индексациялоо” мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана башка мыйзам долбоорлору каралмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ