Menu

Араванда жетиле элек кызды күйөөгө бергендер соттолду

Бөлүшүү:

Ош облусунун Араван районунда жашы жете элек кызды күйөөгө бергени үчүн анын таенеси жана келиндин кайненеси соттолду. Фемида өкүлдөрүнүн чечими менен 16 жаштагы кыздын үй-бүлө куруусуна жол берген эки аял тең үч жылдык мөөнөткө шарттуу кесилишти. Ал эми үйлөнгөн бала менен нике кыйган молдо жоопкерчиликтен кутулуп кеткен. Анткени “диний кызматкер кыздын жашын билген эмес” деген жүйөө келтирилген. Бирок, мыйзам боюнча молдо өспүрүмдүн документин көргөн соң гана нике кыйышы керек болчу. Эрте турмушка узаган кыз азыр кош бойлуу. Соттун чечиминен кийин кудагыйлар ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, келин алган тарап кызды кетирүүгө даярданып жатканы айтылууда.

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: