Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-июнда, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу процесси аяктаганын маалымдады.

«Биз жакынкы айларда бул долбоорду ишке ашыра турган компанияны тандоо сынагы жарыяланарын пландап жатабыз. Жалданма бардык зарыл болгон жол инфраструктурасын түзүп, кыймыл жыш болгон кесилиштерде жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттаган камераларды орнотуусу керек», – деди Бакыт Шаршембиев.

Ал «Коопсуз шаар» Автоматташтырылган платформасы» программалык камсыздоосу «Инфоком» Мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан даярдалганын белгиледи.

«Долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычында борбор калаанын 38 кесилишинде жана 52 ылдамдык бөлүгүндө камераларды орнотуу, ошондой эле 20 көчмө комплексин жабдуу пландалууда. Бул беш жылдын ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын санын эки пайызга чейин кыскартууну жана бюджетке түшүүлөрдү кыйла көбөйтүүнү шарттайт», – деди Бакыт Шаршембиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр коом Өкмөттөн өлкөнүн жолдорунда жол кырсыктарын кыскартуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чечкиндүү кадамдарды күтүп жатканын белгиледи.

«Биз «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга маалыматтык технологияларды киргизүү тармагында кыйла тажрыйбалуу жана IT-кызматтары рыногунда ийгиликтүү ири чет элдик компанияларды тартуубуз керек. Компанияларды тандоо процедурасы ачык-айкын болушу абзел», – деп баса көрсөттү Өкмөт башчы жана сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөмүн 10 млн АКШ долларына чейин көбөйтүүнү сунуштады.

«Эгерде жеңүүчү компания сынактын шарттарын аткарбаса, анда көрсөтүлгөн сумма мамлекеттик бюджетке которулат», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Коопсуз шаар» долбоорунун милдеттерин ишке ашырууда жооптуу орган экенин өзгөчө белгиледи.

««Коопсуз шаар» долбоорунун милдеттерин кеңейтүүгө дагы көңүл буруу зарыл. Жол кыймылын бузуулардын санын кыскартуу – бул «Коопсуз шаар» долбоорунун бир гана компоненти. Жолдордун кыймыл жыш тилкелериндеги камералар укук тартибин жана бүтүндөй өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо тутумунун бөлүгү болушу керек», – деп белгиледи Премьер-министр жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнес-коомчулуктардын катышуусунда коомдук талкуу өткөрүүнү милдеттендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: