Menu

Шоу-бизнестин бою кыска, ою узун жигиттери

Бөлүшүү:

Чыгармачылык жолдо келаткан кодо бойлуу Адилет Уланбеков менен Уларбек Батыркулов ырчылык, актёрлук жактан өздөрүн сынап келишет. Келбетиндеги кемчиликти артыкчылык деп билип, өздөрүн позитивдүү алып жүргөн аракетчил жигиттерге элибиздин «сакадай бою сары алтын» деген
кеби куп жарашкандай.

Уларбек Батыркулов: «Сүйгөн кызымды ата-энеси мага бербей коюшту»

– Уларбек, алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?

– Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарынан болом. Балалыгым ошол жерде өткөн. Жашым 27де.Үй-бүлөдө үч бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энем Орусиянын жарандары. Бир туугандарым үй-бүлөлүү.

– Өзгөчө боюңуз сизге ыңгайсыздыктарды жаратабы?

– Боюм 125 сантиметр. Тукумубузда мындай кыска бойлуулар жок экен. Ата-энемдин, бир туугандарымдын баарынын бойлору узун. Кудай мага эле ушундай өзгөчөлүк бериптир. Боюмдун кичинекейлигине ыңгайсызданбайм деле. Тескерисинче, өзүмдү президенттей сезем. Кээ бир узун бойлуу кишилер кылбаган нерселерди кыла алам. Күнүгө жок дегенде отуз адам менен сүрөткө түшөм. Патрулдук милиция кызматкерлери токтотуп, мени көргөндө дароо эле кетирип жиберишет.

– Унаа айдоодо кыйынчылык жаралбайбы?

– Үч ай Москвадагы кыргыздардын тоюнда ырдадым. Ал жакта көп төлөнөт экен. Тапкан каражатымды чогултуп, темир тулпарлуу болдум. Бутум кыска болгондуктан унаадагы газ менен тормозго темир улап узун кылып жасаттырып алгам. Ал эми алдыма төшөк коюп бийиктетүүнүн кажети жок, башым рулдан чыгып өзүм көрүнүп эле турам.

– Чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз эле?

– 5-класстан баштап вокалдан сабак алгам. Алгач ирет шаарыбыздын 50 жылдыгында стадиондо туңгуч президент Аскар Акаевдин алдында ырдагам. Концерттен соң ал бирөөлөр аркылуу мага 100 сом берип жибериптир. Анда жүз сом азыркы миң сомго тете болчу. Бул окуя менин ырга болгон кызыгуумду күчөттү. 8-класс кезимде Артык агам айылыбызга концерт коюп келип, таанышып калдык. Ага боюмдун кичинекейлиги жагып «Зарина» аттуу ырынын клибине тартылууну сунуштаган. Кийин агам менен гастролдоп, интермедияларды аткарып жүрүп чыгармачыл адамдар менен мамиле түздүм. Анан арты-артынан сунуштар түшүп атып жалпы жети клип, үч тасмада роль жараттым.

– Ырларыңыздын өзгөчө хит болгону байкалбайт?

– Биринчи эле «Кодойгон боюм сен үчүн» деген ыр жаздырып, Эрнест Сыдыков клибин тартып берген. Ошол ырымды эл аябай жакшы кабыл алып, үзүрлүү болду. Кийин канча ыр ырдабайын, аталган ырымды эле сурана беришет. Ырдап баштаганымда коноктор туруп алып угушат. Мени көрүү үчүн туруп алышса керек. Мен үчүн бул абдан жагымдуу көз ирмем болуп саналат.

– Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алексиз?

– Чыгармачыл адамды чакырса барат, болбосо калат да. Ошол себептен өз алдынча да аракет кылыш керек. Учурда байкемдин ресторанында музыкант болуп иштеп жатам. Тапканым тиричиликке жетет.

– Сиздин турмуш курарыңызды уккан элек?..

– Эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызым бар эле. Өмүрүмдө жалгыз ошол кызга 101 роза гүлүн белек кылгам. Тилекке каршы, ата-энеси кызын мага берүүгө макул болушпады. Башында эле ушинтип каршы болуп, баталарын бербей жатышса кантип бактылуу болмок элем? Ага бакыт каалап, кол үздүм. Аны өз макулдугусуз турмушка узатышкан, мен болсо депрессияга түшүп кетпейин деп күчүмдү чыгармачылыктан чыгарып жатам.

– Түгөй табуу эми сизди көп ойлондурат окшойт?

– Ал кыздын бою 160 см болчу. Эми деле бою узун, татынакай, шаардык кыздардан издейм. Шаардык дегенимдин себеби, алар орус мүнөз, ичинде кири жок, бетке айткан кыздар болушат. Анан да түшүнүгү жакшы болуп, чын сүйсө айланадагылардын айткан сөздөрүнө кирип кетпей, өздөрү чечим чыгара билишет. Шаардык кыздардын жанында боюмдун кичинекейлигин унутуп калам. Аларга бул маанилүү эмес.

Адилет Уланбеков: «Микрофонго боюм жетпей ыңгайсыз болом»

– Адилет, эмне болуп боюң кичинекей бойдон калган?

– Эки айлык ымыркай кезимде үйдөгүлөр колуна көтөрүп жүрүп жерге кулатып алышкан экен. Ошондо омурткам сынып, боюмдун өсүүсүнө терс таасир этиптир. 11-классты бүткөндөн кийин операция жолу менен омуртканы калыбына келтирсе боюм өсмөк. Бирок догдурлар арабада отуруп калышым да мүмкүн экенин айтышкан. Аны уккан ата-энем коркуп «өмүр бою арабада отургуча ушундай болсо да басып жүргөнү артык» деп макул болбой коюшкан. Өзүм жөнүндө айта кетсем: Оштун Жаңы-Талаа айылынан болом, 1998-жылы төрөлгөм. 2009-жылы апам каза болуп калган. Атам Москва шаарында иштейт. Мени алты айымдан баштап чоң апам багып, окутуп, ушул даражага жеткирди.

– Балалыкта кайсы кесиптин ээси болууну кыялданчу элең?

– Окуучу кезимде банк кызматкери болгум келчү. Келечектеги кесибиме керек деп математика сабагын тырышып окугам. Бирок чоңойгон сайын каалоо, көз караш, ой өзгөрүп, башка нерселерди каалап, өзүңө койгон талап, жоопкерчилик күчөй берет экен. 9-класстан кийин Ош гуманитардык педагогикалык окуу жайына тапшыргам. Учурда Ош мамлекеттик университетинин беш жылдык музыка факультетинде билим алып жатам. Музыка – менин жан дүйнөм, ырдоо – тубаса талантым. Ата-эне, бир туугандарымдын бири дагы музыкага жакын эмес, мен маданиятка салымымды кошсом дейм. Продюсерим Акжол Жалиев менен беш жылга келишим түзүп иштей баштадык. Азырынча автордук ырым жок, тойлорго арналып жазылган ырларды эле ырдап жатам. Буюрса, жаз айларында ырымды клиби менен чыгарсак деп учурда маанилүү ыр издеп жаткан кезибиз.

– Боюңдун кичинелигинен ыңгайсыздыкка кабылган учурларың болобу?

– Элдин көзү кадимки бойлуу адамдарды көрүп көнүп калган да, көбү мени 5-6-жашар бала ырдап жатат деп ойлошот. Алгач бийиктен карап издешет да, мени көргөндө таң калып кетишет. Тамадалар сахнага чакырып туруп микрофонду ылдый кылып коюуну унутуп кетип калышат. Алар кайра келип менин боюма чактап бергиче ыңгайсызданып кетем. Анан да мага окшогон адамдарга арналып тигилген атайын кийим-кечелер жок. Ошол себептен сатып алган кийимди дагы бир сыйра кыскарттырып, кичирейттирип эки жолу чыгым болом.

– Шоу-бизнесте жакшы акча табуу үчүн атактуулук керек го, сенин тапканың кандай?

– Ооба, ал жагы бар. Бирок бизди чакыргандар да арбын. Чакырган жерден калбай барып иштеп жакшы эле тапса болот. Мисалы мен ыраазы болуп кыстарып, колго бергендери менен биригип бир күндө сегиз миң, он миң сом тапкан күндөрүм болот.

– Ырчылыктан башка кандай өнөрлөрүң бар?

– Актёрлук чеберчилигим күчтүү. Бир жолу Майрамбек агайымды бир-эки тамаша айтып күлдүрүп койгом. Жаккан окшойм, кийин Тамашоудо ойноого чакырган. 1-курста университеттин атынан Бишкекке келип ойноп жүрдүм. Бирок бул кызыгуум бат эле тарап кетти. Өзүмдүн келечегимди ырчылыктан көрдүм. Буюрса, талантымды багып, ырчылыкты эле алып кетем.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: