Menu

Чачыңыздын көрктүүлүгү жеген азыктарыңыздан көз каранды

Бөлүшүү:

Айымдар чачыбызды узун, коюу, көрктүү кылуу үчүн эмнелерди гана кылбайбыз. Кымбат шампундарды колдонуп, масканын түрүн жасайбыз. Көрсө, баарынан мурун жеген тамагыбызга көңүл бурушубуз керек экен. Мисалы, төмөнкү азыктардын курамында чачтын өсүшүнө жана бекем болушуна керектүү заттар бар.

1.      Сүт азыктарын сүйүңүз

Чачыңыз түшүп жатабы? Анда күн сайын бир стакандан сүт ичүүнү адатка айлантыңыз. Анда 240 грамм кальций бар. Андан тышкары сүт фосфорго, калийге,биотинге бай. Эгерде сүттү анчалык сүйбөсөңүз, анда кычкыл сүт азыктарын пайдаланыңыз. Кефир, йогурт сыяктуу азыктар иммунитетти эле көтөрбөстөн, В тобунун витаминдеринин сиңишине жардам берет. Ал болсо чачыңыздын кайраттуу болушу үчүн зарыл.

2.      Бананга басым жасаңыз

Бананда биотин бар. Ал нерв системасынын эле ишин жөнгө салбастан, чачтын, теринин, тырмактын абалына жакшы жагынан таасир этет. Ошондой эле банандын курамындагы кремний чачтын бат өсүшүн шарттайт.

3.      Төө буурчак

Чачыңыздын 97 пайызы кератинден – витаминдерге жана микроэлементтерге каныккан заттан турарын билесизби? Андыктан чачтын өсүшү үчүн белок керек. А төө буурчак – өсүмдүк белогунун эң мыкты булагы. Белоктон тышкары да чачтын өсүшүн шарттаган витаминдер, микроэлементтер бар.

4.      Семичке чагыңыз

Эгер сиздин чачыңыздын түсү бозомук тартып, өзү морт болсо, анда ага цинк жетишпейт. Анда семичке чаксаңыз болот.100 грамм семичкеде 5,2 мг цинк бар. В6 витамини менен цинк кошулганда чачыңызга жалтыраган түс берип, коюу болуп өсүшүн шарттайт.

5.      Киви

Киви курамындагы С витамини боюнча лидер. Бир даана киви организмдин бир суткалык муктаждыгын жаба алат. Бул витаминсиз чач эле эмес, тиш, булчуңдар, тырмак, сөөк да бекем боло албайт.

6.      Жаңгак жесеңиз жаңылбайсыз

Грек жаңгагыбы, бадамбы, кешьюбу, айырмасы жок – сөөктүү жемиштердин дээрлик бардыгы чачка пайдалуу. Анткени аларда биринчи кезекте биотин бар. Тамактардын ортосунда вафли же шоколад эмес, бир нече даана жаңгактын бул же тигил түрүн жеңиз, албетте, куурулбаганын. Ошондо чачыңыздын сынганы, түшкөнү токтойт.

7.      Боордо баары бар

Уйдун боорунда сиздин чачыңызга керек болгон бардык нерсе бар. Биринчиден, белок этте канча болсо, боордо да ошончо бар. Экинчиден, В тобунун витаминдери, биотин. Организмдеги булардын жетишсиздиги чачтын түшүшүнө жана какачтын пайда болушуна алып келет. Үчүнчүдөн, курамындагы темири боюнча азыктардын ичинен боор дайыма алдыда келет.  Дал ушул темирдин жетишсиздигинен сиздин чачыңыз сынма болот. Төртүнчүдөн, А витамини боордо каймакмайга караганда 14 эсе көп.

Нуриса БАЯЛИЕВА 

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: