Былтыр сентябрда «24.kg» сайтына Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макала чыккан. Ошол учурда президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы «ушак жана жалган жалаа» деп баалап, сотко кайрылган. Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен «24.kg» агенттигинин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту, андан кийин шаардык сот Жээнбековдун штабынын талабын канааттандырган. 5-февралда Жээнбеков «24.kg» маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пул өндүрүү талабынан баш тартты. К.Карабеков калган 5 миллионду төлөй электигине байланыштуу ага 16-январдан тарта Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынды.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ