Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Чек арадагы элдин духун ого бетер түшүрбөй, эл менен камыр-жумур иштеп жаткан айыл башчыдан колуңарды тарткыла!” 

Бөлүшүү:

Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев Баткендеги Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевдин укугун коргоп чыкты. Ал боюнча ой-пикирин “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирип, төмөндөгүдөй пост калтырды.

Баткендеги чек аралаш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевди вице-премьер министр зекип, кызматтык иликтөө жүргүзүп, керек болсо иштен алууну тапшырыптыр. Ошол иликтөөгө мени да чакырып, угуп койсоңор. Сапарали акени Бишкекте эмне иш кылып жүрөсүң деп доомат коюп жатат, аны мына борборго келгенде Акүйгө мен чакырганмын! Өткөндө Максат айылына барып, бир нече социалдык проблемаларды тизмектеп алганбыз, айрымдарын кыска убакытта чечтик. Эми дагы мектепке интерактивный доска керек жана башка маселелерди катка тизмектеп жазып келди. Жолуктук, каттарды берди, чек араны бир жаңсыл кылып чечип салуу ушул учурда колубуздан келбей турса да, инфраструктура, социалдык көйгөйлөр менен колубуздан келгенче аракет кылып иштей берели деп сүйлөштүк. Бул факт. Ал эми митингде сүйлөгөнүн да көрдүм, кабатыр болуп чогулган элге реалдуу абалды түшүндүрүп бериптир, анын эмнеси кылмыш? Эмгек өргүүсү убагында болуп жатат мунун баары, баласынан кабар алганы келип борборго, минтип эл көйгөйүн кошо көтөрүп жүрөт жанына. Митингге чыккандар бийликти талашкан жок, ызы-чуу салган жок, талаптарын айтышты. Жарандар чогулуп пикирин айткан окуядан чочубаш керек, аларды угуш керек. Өмүрүн тобокелге салып, жерин коргоп ошол жерде иштеп жаткандарды куугунтуктагандын ордуна, маселени алар менен акылдашып, сунуштарын угуп, бирге чечкенибиз туура болот. Чек арадагы элдин духун ого бетер түшүрбөй, эл менен камыр-жумур иштеп жаткан айыл башчыдан колуңарды тарткыла!,-деп жазган Ж.Акаев.

Эске сала кетсек, 16-январда Баткендеги чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме Бишкекте болуп өткөн. Анда  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев Бишкектеги чек арага боюнча митингге катышканын сындаган.

15-январда Бишкекте Акүйдүн алдына митинг болгон. Ага Баткен облусунун тургундары менен жарандык активисттер катышкан. Алар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышкан эле.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: