Menu

Түндүк Корея Пхёнчхандагы оюндарга бир күн калганда аскердик парад өткөрдү

Бөлүшүү:

Түндүк Корея Пхёнчхандагы кышкы Олимп оюндарынын расмий ачылышына бир күн калганда аскердик парад өткөрдү. Associated press агенттигинин маалыматына караганда, ага даярдануу иштерине 10 миңге жакын аскер кызматкери катышты.

Адатта Түндүк Корея армиясынын негизделген күнүнө карата иш-чаралар апрелде өткөрүлүп келген, бирок бул жолкусунда аны 8-февралга жылдырышты. Буга чейин Түндүк Корея бийлиги Олимпиада алдында аскердик иш-чараларды өткөрүү туура эмес экендиги тууралуу АКШнын жана башка өлкөлөрдүн сынын кабыл албаганы кабарланган.

Мурдараак расмий Пхеньян Түндүк Кореянын делегациясы Пхёнчханда америкалык кесиптештери менен жолукпай турганын билдирген.

Күн мурун АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түндүк Кореяга карата санкциялардын жаңы топтому даярдалып жатканын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: