Menu

Ооганстанда эки кол салуудан ондогон киши набыт болду

Бөлүшүү:

Кабул, 12-май, 2020-жыл. Төрөт үйүнүн алды.

Кечээ, 12-майда Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы төрөт үйүнө кол салуудан бери дегенде 10дон ашуун киши мерт болду, алардын арасында балдар да бар. Ошол эле күнү Награрхар провинциясынын Кхева районунда тажия учурунда жан кечти чабуул жасап, 24 киши өлдү, 70тен ашуун адам жаракат алды.

Кабулдун көбүнчө шииттер жашаган бөлүгүндөгү төрөт үйүнө кол салган куралдуу экстремисттер менен өкмөттүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда бир нече саатка созулган салгылашуу болду. Ооганстандын ички иштер министри кол салуу учурунда 14 киши өлгөнүн, алардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар бар экенин, 15 адам жаракат алганын билдирди.

Атышуу учуруна жоочулар өлтүрүлгөн, 80 аял балдары менен куткарылган.

Ооган бийлиги госпиталды “Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык гуманитардык уюму колдоп жүргөнүн маалымдады.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. ”Талибан” кыймылы окуяга тиешеси жок экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: